# 1018-статья. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн кийин өзгөртүү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1018>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1018.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1018-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1018

---

1. Эмгекке жарамдуулугун жарым-жартылай жоготкон жабыр тартуучу эгерде анын эмгекке жарамдуулугу ага зыяндын ордун толтуруу тапшырылган учурга карата абалга салыштырмалуу ден соолугуна зыян келтирүүгө байланыштуу азайган болсо, анын ордун толтуруунун өлчөмүн тийиштүү көбөйтүүнү зыяндын ордун толтурууга милдеттүүлүк жүктөлгөн жактан каалаган убакта талап кылууга укуктуу.

2. Жабыр тартуучунун ден соолугуна залал келтирген зыяндын ордун толтуруу милдети жүктөлгөн жак, эгерде зыяндын орду толтурулган учурга карата салыштырганда жабыр тартуучунун эмгекке жарамдуулугу жогорулаган болсо, анын ордун толтуруунун өлчөмүн тийиштүү азайтууну талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде зыяндын ордун толтуруу милдети жүктөлгөн гражданиндин мүлктүк абалы начарласа, ал эми ушул Кодекстин 1012-статьясынын 5-пунктуна ылайык анын ордун толтуруунун өлчөмү азайган болсо, жабыр тартуучу зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн көбөйтүүнү талап кылууга укуктуу.

4. Эгерде зыян келтирген гражданиндин мүлктүк абалы анын майыптуулугуна же пенсиялык куракка жеткендигине байланыштуу зыяндын ордун толтуруу тапшырылган учурга салыштырмалуу начарлаганда сот анын талабы боюнча зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн азайта алат.

---

Мурунку берене: [1017-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1017)  
Кийинки берене: [1019-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1019)
