# 1017-статья. Баккан адамы өлгөндүгүнө байланыштуу тарткан зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1017>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1017.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1017-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1017

---

1. Баккан адамынын өлгөнүнөн байланыштуу зыяндын ордун толтуртууга укугу бар жактарга зыяндын орду өлгөн адамдын эмгек акысынын (кирешесинин) ушул Кодекстин 1015-статьясынын эрежелери боюнча аныкталган, алар өлгөн адам тирүү кезинде алууга тийиш болгон өлчөмдөгү үлүштө толтурулат. Ал жактарга зыяндын ордун толтурууну аныктоодо өлгөн адамдын кирешесинин курамына анын эмгек акысы (кирешеси) менен катар ал тирүү кезинде алган пенсиясы, өмүр бою алган акысы жана башка ушундай төлөмдөр кошулат.

2. Зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоодо баккан адамдын өлгөндүгүнө байланыштуу ал жакка белгиленген пенсия, ошондой эле баккан адамы өлгөнгө чейин же өлгөндөн кийин ага дайындалган пенсиянын башка түрлөрү, ошондой эле ал жактар алган эмгек акы (киреше) жана стипендия аларга зыяндын ордун толтуруу эсебине кошулбайт.

3. Баккан адамынын өлгөндүгүнө байланыштуу зыяндын ордун толтуртуу укугу бар ар бир жакка белгиленген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү төмөнкү учурларда кайра бөлүштүрүлбөйт:

баккан адамы өлгөндөн кийин бала төрөлгөндө; баккан адамы өлгөн балдарга, неберелерге, бир туугандарына көзөмөлдүк кылган жактарга зыяндын ордун толтуруу дайындалганда же аны төлөп берүү токтотулганда. Мыйзам же келишим менен зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү көбөйтүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [1016-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1016)  
Кийинки берене: [1018-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1018)
