# 1015-статья. Баланын ден соолугуна залал келтирилгенде анын ордун толтуруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281644..1281645>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1015>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1015.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1015-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1015

---

1. Он төрт жашка чыкпаган жана эмгек акы (киреше) албаган баланын ден соолугуна жаракат же залал келтирилген учурда зыян келтирүү үчүн жооптуу жак анын ден соолугуна келтирилген залалга байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

2. Бала он төрт жашка чыкканда, ошондой эле залал он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы, эмгек акы (киреше) албаган жакка келтирилген учурда зыян келтирүү үчүн жоопкер жак ден соолугуна залал келтирүү менен байланышкан чыгымдардан тышкары анын эмгекке жарамдуулугун жоготкондугуна же азайгандыгына байланышкан зыяндын ордун эмгек акынын эсептик көрсөткүчтүн беш эселенген өлчөмүнө негизденүү менен чыгымдарын жабыр тартуучуга төлөп берүүгө милдеттүү.

Эгерде ден соолугуна залал келтирилген учурга бала эмгек акы алган болсо, анда зыяндын орду анын эмгек акысынын өлчөмүнө негизденүү менен, бирок эмгек эсептик көрсөткүчтүн беш эселенген өлчөмүнөн төмөн эмес толтурулат.

3. Ден соолугуна мурда зыян келтирилген бала эмгектене баштагандан кийин ал алган эмгек акыга негизденүү менен, бирок ал иштеген жер боюнча ээлеген кызматына же ошол квалификациядагы кызматкердин эмгек акысына жараша белгиленген эмгек акы боюнча аныкталган акынын өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмдө зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

(КР 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1014-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1014)  
Кийинки берене: [1016-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1016)
