# 1009-статья. Зыян келтирген жакка регресс укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1009>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1009.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1009-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1009

---

1. Башка жак (кызматтык же башка эмгектик милдеттенмесин аткарууда, транспорт каражатын башкарган жак) келтирген зыяндын ордун толтурган жак, эгерде мыйзам менен башка өлчөм белгиленбесе, ал жакка төлөнгөн зыяндын ордунун өлчөмүндө кайра талап коюу (регресс) укугуна ээ болот.

2. Биргелешип келтирилген зыяндын ордун толтурган зыян келтирүүчү калган зыян келтирүүчүнүн ар биринен жабыр тартуучуга төлөнгөн зыяндын ордун ошол зыян келтирүүчүнүн күнөөсүнүн даражасына ылайык өлчөмдө талап кылууга акылуу. Күнөөнүн даражасын аныктоо мүмкүн болбогон учурда анын үлүшү бирдей деп таанылат.

3. Алгачкы текшерүү, алдын-ала тергөө, прокуратура жана сот органдарынын (1000-статьянын 1-пункту) кызмат адамдары келтирген зыяндын ордун толтурган мамлекет эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен анын күнөөсү аныкталса, ал жакка карата регресс укугуна ээ болот.

4. Ушул Кодекстин 1002-1005-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча зыяндын ордун толтурган жак зыян келтирген жакка карата регресс укугуна ээ болбойт.

---

Мурунку берене: [1008-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1008)  
Кийинки берене: [1010-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1010)
