Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1007-статья. Айлана чөйрөдөгүлөр үчүн өтө коркунуч түзүүчү иш менен келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 51-Глава
1. Иши айлана чөйрөдөгүлөр үчүн өтө коркунуч келтирүү менен байланышкан (транспорт каражаттарын, механизмдерди, электроэнергиясын, жарылгыч заттарды, катуу таасир берүүчү ууларды ж.б. колдонуу; курулуш жана аны менен байланышкан башка иштерди жүргүзүү) юридикалык жактар жана граждандар, эгерде зыян келтирүү жеңе алгыс күчтүн же жабыр тартуучунун кыңыр оюнун кесепетинен келип чыккандыгы далилденбесе, өтө коркунучтун булагы болуп саналгандар зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
Зыяндын ордун толтуруу милдети өтө коркунуч булагына менчик ээсинин укугунда, чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда, же болбосо башка мыйзамдуу негизде (мүлктү жалдоо келишими менен, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним кат менен, өтө коркунучтун булагын өткөрүп берүү жөнүндөгү тийиштүү органдын буйругу менен) ээлик кылган юридикалык жакка же гражданинге жүктөлөт.
2. Өтө коркунучтун булагынын ээси эгерде башка жактардын укукка каршы аракетинин натыйжасында ал булак анын карамагынан чыгып кеткендиги далилденсе, ал булак келтирген зыян үчүн жооп бербейт. Мындай болгон учурда өтө коркунучтун булагы келтирген зыян үчүн жоопкерчиликти ал булакты укукка каршы ээ болгон жак тартат. Ал булакты укукка каршы тартып алууда өтө коркунучтун булагынын ээсинин күнөөсү бар болсо, анда жоопкерчилик ал булактын ээсине, ошондой эле өтө коркунучтун булагын укукка каршы ээлеп алган жакка да жүктөлүшү мүмкүн.
3. Өтө коркунучтун булагынын ээлери ал булактардын өз ара аракетинин (транспорт каражаттарынын кагылышуусу ж.б.) натыйжасында үчүнчү жакка келтирилген зыян үчүн ушул статьянын 1-пунктунда каралган негиздер боюнча бирдей жоопкерчилик тартышат.
Өтө коркунучтун булактарынын өз ара аракетинин натыйжасында аны ээлерине келтирилген зыяндын орду жалпы негиздерде толтурулат. Мында: бир жактын күнөөсү боюнча келтирилген зыяндын орду ал жак тарабынан толук көлөмүндө толтурулат; эки же бир нече жактардын күнөөсү боюнча келтирилген зыяндын орду алардын ар биринин күнөөсүнө жараша толтурулат. Жактардын биринин да күнөөсүнүн өлчөмүн аныктоо мүмкүн болбогондо жоопкерчилик алардын ортосунда тепе-тең бөлүштүрүлөт. Зыян келтирүүдө тараптардын күнөөсү жок болгон учурда эч ким зыянын ордун толтурууну талап кылууга укуксуз. Мындай болгон учурда ар бир тарап ага келтирилген зыянды өздөрү тартышат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1007" title="1007-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>