# 1006-статья. Өз иш-аракетинин маанисин түшүнүүгө жөндөмсүз гражданин келтирген зыян үчүн жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2025 года № 131 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029081)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.07.2025 [Закон КР от 2 июля 2025 года № 131 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029081); 15.09.2021 [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112297)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=32045..34310>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1006>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1006.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1006-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1006

---

1. Аракетке жөндөмдүү гражданин же он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки бала өз иш-аракетинин маанисин түшүнүүгө жөндөмсүз абалда же ага жетекчилик кылуу менен келтирген зыян үчүн ал жооп бербейт.

Эгерде жабыр тартуучунн өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилсе, сот жабыр тартуучунун жана зыян келтирүүчүнүн мүлктүк абалын, ошондой эле башка жагдайларды эске алуу менен зыяндын ордун толугу менен же жарым-жартылай толтуртуу боюнча милдетти зыян келтирүүчүнүн өзүнө жүктөй алат.

2. Эгерде спирт ичкиликтерин ичүү, күчтүү таасир этүүчү заттарды, баңги зат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун колдонуу же башка жол менен өзүн эмне кылып жаткандыгынын маанисин түшүнбөгөн же ага жетекчилик кылган абалга алып келсе, зыян келтирүүчү жоопкерчиликтен бошотулбайт.

3. Эгерде зыян жин оорусунан же кем акылдыгынан улам өз иш-аракетинин маанисин түшүнбөгөн же өзүн башкара албаган адам тарабынан келтирилсе, сот тарабынан зыяндын ордун толтуруу милдети зыян келтирүүчүнүн мындай абалы жөнүндө билген, бирок анын аракетке жөндөмсүздүгүн таануу же ага көзөмөлдүк кылууну орнотуу жөнүндө маселе койбогон ал адам менен бирге жашаган эмгекке жөндөмдүү адамдарга: жубайына, ата-энесине, бойго жеткен балдарына жүктөлүшү мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120, 2025-жылдын 2-июлундагы № 131 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1005-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1005)  
Кийинки берене: [1007-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1007)
