# 1004-статья. Аракетке жөндөмсүз деп таанылган гражданин келтирген зыян үчүн жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1004>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1004.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1004-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1004

---

1. Аракетке жөндөмсүз деп таанылган гражданин келтирген зыяндын ордун ага камкордукка алуучу же ага көзөмөлдүк кылууга милдеттүү болгон уюм, эгерде зыян алардын күнөөсү боюнча келип чыкпагандыгы далилденсе, толтурат.

2. Камкордукка алуучу же ага көзөмөлдүк кылууга милдеттүү болгон уюмдун аракетке жөндөмсүз деп таанылган гражданин келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча милдеттенмеси кийин ал аракетке жөндөмдүү деп таанылган учурда да токтотулбайт.

3. Эгерде камкордукка алуучу өлгөн болсо же жабыр тартуучунун өмүрнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жетиштүү каражаты жок болсо, ал эми зыян келтирүүчүнүн өзү мындай каражатка ээ болсо, анда сот жабыр тартуучунун жана зыян келтирүүчүнүн мүлктүк абалын, ошондой эле башка жагдайларды эске алуу менен жабыр тартуучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун зыян келтирүүчүнүн мүлкүнүн эсебинен толугу менен же жарым-жартылай толтууруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [1003-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1003)  
Кийинки берене: [1005-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1005)
