Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1001-статья. Он төрт жашка чейинки курактагы балдар келтирген зыян үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 51-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120
1. Он төрт жашка чейинки балдар келтирген зыян үчүн, эгерде зыян булардын күнөөсү боюнча келтирилбегендиги далилденбесе, ата-энелери (асырап алгандары) же көзөмөл кылуучулары жооп берет.
2. Эгерде көзөмөлдүк кылууга муктаждыгы бар 14 жашка толо элек бала мыйзамдын күчүнө ылайык ага көзөмөлдүк кылуучу болуп саналган (70-статья) тийиштүү дарылоо мекемесинде, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинде же башка ушундай эле мекемеде турган болсо, ал мекеме эгерде зыян мекеменин күнөөсү боюнча келип чыкпагандыгы далилденбесе, өспүрүм келтирген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
3. Эгерде 14 жашка толо элек бала окуу жайынын, дарылоо, же ага көзөмөлдүк кылууга милдеттүү болгон башка мекеменин, ошондой эле келишимдин негизинде көзөмөлдүк кылууга тийиш болгон жактын көзөмөөл алдында турган учурда зыян келтирсе, анда ал мекемелер же жактар зыян көзөмөлдүк кылуучулардын күнөөсү боюнча келип чыкпагандыгы далилденбесе зыян үчүн жооп берет.
4. Балдар келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча ата-энелердин (асырап алгандардын), көзөмөлдүк кылуучулардын, окуу жайлардын, дарылоо жана башка мекемелердин милдеттенмелери 14 жашка толо элек бала бойго жеткендигине же ал зыяндын ордун толтуруу үчүн жетиштүү мүлк алгандыгы боюнча токтотулбайт.
Эгерде ата-энеси (асырап алгандары), көзөмөлдүк кылуучулар өлгөндө же алар, ошондой эле ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн башка граждандар жабыр тартуучунун өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жетиштүү каражаты жок болсо, ал эми толук аракетке жөндөмдүү болгон зыян келтирүүчүнүн өзү ошондой эле каражаттарга ээ болсо, сот жабыр тартуучунун жана зыян келтирүүчүнүн мүлктүк абалын, ошондой эле башка жагдайларды эске алуу менен зыян келтирүүчүнүн өзүнүн эсебинен зыяндын ордун толук же жарым-жартылай толтуруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. (КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
15.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Он төрт жашка чейинки курактагы алынып салынды: өспүрүмдөр кошулду: балдар келтирген зыян үчүн жоопкерчилик
1. Он төрт жашка чейинки алынып салынды: өспүрүмдөр (жаш балдар) кошулду: балдар келтирген зыян үчүн, эгерде зыян булардын күнөөсү боюнча … кылуучулары жооп берет.
2. Эгерде көзөмөлдүк кылууга муктаждыгы бар алынып салынды: өспүрүм кошулду: 14 жашка толо элек бала мыйзамдын күчүнө ылайык ага көзөмөлдүк кылуучу болуп саналган (70-статья) тийиштүү алынып салынды: тарбиялоо, дарылоо мекемесинде, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинде же … өспүрүм келтирген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
3. Эгерде алынып салынды: жаш кошулду: 14 жашка толо элек бала окуу жайынын, алынып салынды: тарбиялоо, дарылоо, же ага көзөмөлдүк кылууга милдеттүү болгон башка мекеменин, … боюнча келип чыкпагандыгы далилденбесе зыян үчүн жооп берет.
4. алынып салынды: Жаш балдар кошулду: Балдар келтирген зыяндын ордун толтуруу боюнча ата-энелердин (асырап алгандардын), көзөмөлдүк кылуучулардын, окуу жайлардын, алынып салынды: тарбиялоо, дарылоо жана башка мекемелердин милдеттенмелери алынып салынды: жаш кошулду: 14 жашка толо элек бала бойго жеткендигине же ал зыяндын ордун толтуруу үчүн жетиштүү … толук же жарым-жартылай толтуруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
кошулду: (КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1001" title="1001-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>