# КР Президентинин 2009-жылдын 6-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 6-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 06.02.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2420/edition/434798/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4999.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 6-февралындагы № 91 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" жарлыгы (18.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4999

---

КР Президентинин 2009-жылдын 18-мартындагы № 163 жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 6-февралы ПЖ № 91 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги № 157 "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Улуттук кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү жарлыктары күчүн жоготту деп табылсын:

- 2007-жылдын 18-апрелиндеги № 179 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

- 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу";

- 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу".

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 6-февралынын № 91 Жарлыгынын № 1 тиркемеси

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги № 157 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кызмат орду боюнча КУРАМЫ

- Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;

- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун төрайымы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;

- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри;

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри;

- Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министри;

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;

- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы;

- Кыргызстан ишкерлер Союзунун президенти;

- "Кыргызстан иш берүүчүлөр конфедерациясы" Союзунун төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасынын президенти".

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
