# КР Президентинин 2009-жылдын 28-январындагы № 85 "А.Ж.Аскалиев, Ж.А.Койгелдиев, О.А.Мамбеталиев жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 28-январындагы № 85 "А.Ж.Аскалиев, Ж.А.Койгелдиев, О.А.Мамбеталиев жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4995>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2416/edition/359464/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4995.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 28-январындагы № 85 "А.Ж.Аскалиев, Ж.А.Койгелдиев, О.А.Мамбеталиев жөнүндө" жарлыгы (28.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4995

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 28-январы ПЖ № 85

А.Ж.Аскалиев, Ж.А.Койгелдиев, О.А.Мамбеталиев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктуна, 84-беренесинин 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин жергиликтүү соттордун судьяларын ээлеген кызматтарынан четтетүү жана жергиликтүү соттун судьясын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимин эске алып, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр:

- Аскалиев Айтбай Жумамүдүнович - Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

- Койгелдиев Жумалы Абыласович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;

- Мамбеталиев Омурбек Акылбекович - Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
