Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «А.Ж.Аскалиев, Ж.А.Койгелдиев, О.А.Мамбеталиев жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 28-январы ПЖ № 85
А.Ж.Аскалиев, Ж.А.Койгелдиев, О.А.Мамбеталиев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 11-пунктуна, 84-беренесинин 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кеңешинин жергиликтүү соттордун судьяларын ээлеген кызматтарынан четтетүү жана жергиликтүү соттун судьясын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимин эске алып, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр:
- Аскалиев Айтбай Жумамүдүнович - Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Койгелдиев Жумалы Абыласович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан;
- Мамбеталиев Омурбек Акылбекович - Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөЗакон · 09.07.2008 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.