# КР Президентинин 2009-жылдын 24-январындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 24-январындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4989>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2410/edition/371035/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4989.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 24-январындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" жарлыгы (24.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4989

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК

2009-жылдын 24-январы ПЖ № 79 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мамлекеттик башкаруу системасын андан ары өркүндөтүү жана түзүмүн оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка аткаруу бийлик органдарынын мамлекеттик кызматчыларын санынын чеги" деген № 1 тиркеменин "Кыргыз Республикасынын министрликтери" деген бөлүктүн 1-пунктундагы "336,5" деген сан "337,5" деген сан менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санынын чеги (статс-катчыларды кошпогондо)" деген № 6 тиркеменин 3-пунктунда "Өзгөчө кырдаалдар министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Тышкы иштер министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев
