# КР Президентинин 2009-жылдын 22-январындагы ПЖ № 45 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 22-январындагы ПЖ № 45 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4962>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2383/edition/393374/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4962.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 22-январындагы ПЖ № 45 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу" жарлыгы (22.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4962

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 22-январы ПЖ № 45 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин түзүмүн жана ишин оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка аткаруу органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги" деген № 1 тиркеменин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу администрациялык ведомстволор" деген бөлүктүн 6-пунктундагы "251" деген сан "222" деген сан менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
