Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 45 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө“ Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 22-январы ПЖ № 45 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин түзүмүн жана ишин оптималдаштыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлыктын "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка аткаруу органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын санынын чеги" деген № 1 тиркеменин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу администрациялык ведомстволор" деген бөлүктүн 6-пунктундагы "251" деген сан "222" деген сан менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык…Указ · 14.12.2009 · № 573 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон