# КР Президентинин 2009-жылдын 20-январындагы ПЖ №43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2009-жылдын 20-январындагы ПЖ №43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4961>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2382/edition/489459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4961.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2009-жылдын 20-январындагы ПЖ №43 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" жарлыгы (30.12.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4961

---

КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 20-январы ПЖ №43 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-апрелиндеги №130 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүнүн ишин андан ары өркүндөтүү максатында, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы №385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын реестри" деген №2 тиркеменин I главасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

|  | "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы | Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви |
| --- | --- | --- |
| Жогорку кызмат орду |  |  |
| Ж2 |  | Архив жетекчиси |
| Ж3 | Борбордун директору | Архив башчысынын орунбасары |
| Башкы кызмат орду |  |  |
| Б1 | Бөлүм башчы Борбордун директорунун орунбасары | Референт |
| Б2 | Бөлүмдүн башчысынын орунбасары | Башкы адис |
| Б3 | Сектордун, топтун башчысы | Жетектөөчү адис |
| Улук кызмат орду |  |  |
| У1 | Референт |  |
| У2 | Башкы адис Жетектөөчү адис |  |
| У3 | 1-категориядагы адис". |  |

2. (КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
