Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-февралындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 15-январы ПЖ № 28 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-февралындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык, талдоо, протоколдук жактан камсыз кылууну өркүндөтүү жана чагылдыруу максатында токтом кылам:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 70 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө Жободо:
27-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "27. Президенттин Администрациясынын курамына төмөнкүлөр кирет: "- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана анын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери жана жардамчылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси жана анын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү жана анын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, алардын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башка мамлекеттик кызматчылары;
- Президенттин Администрациясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультациялык-кеңешүүчү органдарынын аппараттары.";
28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "28. Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана кызмат адамдары (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысын жана аппаратын кошуу менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилери, жардамчылары жана Катчылыгы) ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекиткен алар жөнүндөгү жоболордун негизинде иштейт."; 34-пунктта: экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси менен алар кураторлук кылган маселелер боюнча өз ара аракетте болот;"; алтынчы абзац алып салынсын; Жобо төмөнкүдөй мазмундагы VII-I бөлүм менен толукталсын: "VII-I. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы (мындан ары - Президенттин Катчылыгы) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт, ага түздөн-түз баш ийет, отчет берет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат Президенттин Катчылыгы ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Президенттин Катчылыгы жөнүндө Жобонун негизинде иштейт.".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-февралындагы №71 Жарлыгы менен бекитилген) ( Кыргыз Республикасынын…Положение · 14.02.2008 · № 71 · Күчүн жоготкон