# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдагы 15-январдагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдагы 15-январдагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4945>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2372/edition/441903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4945.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдагы 15-январдагы № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"жарлыгы (15.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4945

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 15-январы ПЖ № 27 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин маалыматтык, талдоо, протоколдук жактан камсыз кылууну өркүндөтүү жана чагылдыруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясый жапа атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 1 тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы" деген бөлүмүндө: I топ төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси"; II топтогу "Кыргыз Республикасынын Президентинин басмасөз-катчысы" деген сан төмөнкүдөй мазмундагы сап менен алмаштырылсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары"; III топ төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "III топ КМШ жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү тоолуу райондорду туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Кызматтын жетекчиси Бөлүмдүн башчысынын орун басары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгынын башчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы"

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
