# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июнундагы № 343-б буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июнундагы № 343-б буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 343
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.11.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/49255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7214/edition/317948/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/49255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 2-июнундагы № 343-б буйругу (01.11.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/49255

---

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 1-ноябрындагы

№ 471-б буйругуна ылайыктту

КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 2-июну № 343-б

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62, 66, 68-статьяларына ыла-

йык, Бишкек шаарынын Борбордук аянтынан чыгуучу эспланаданы аяктоо үчүн

объекттерди куруу максатында, ошондой эле Бөкөнбаев, Раззаков, Чуйков

жана Орозбеков көчөлөрү менен чектелген кварталдагы инженердик коммуни-

кацияларды куруу үчүн аталган аймактарды көрктөндүрүү жана жашылданды-

руу боюнча иштерди жүргүзүү менен:

1. Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, № 120, 122 даректери боюнча

жайгашкан жер участкалары белгиленген тартипте мамлекеттик муктаждыктар

үчүн алынары белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаардык депутат-

тар кењеши менен бирдикте көз карандысыз баалоочуну тартуу менен белги-

ленген тартипте Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, № 120 жана 122 даректе-

ри боюнча жайгашкан кыймылсыз мүлктүн наркына комиссиялык баалоо

жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-статьясынын

3-пунктуна ылайык менчик ээсине алып коюлгандын ордуна мамлекеттик мен-

чиктештирүү фондунун каражаттарынын же мамлекеттик мүлктү менчиктеш-

тирүүдөн түшкөн башка булактардын эсебинен аларга бирдей баада ордун

толтуруу жөнүндө маселени чечсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул буйруктун

1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участкасын анда жайгашкан курулмалардан бо-

шотсун.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Би-

ринчи вице-премьер-министри К.М.Жумалиевге жүктөлсүн.

Премьер-министр Н.Танаев
