# Сүлүктү шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-июлундагы № 128 "Сүлүктү шаарынын 2019–жылкы бюджетинин аткарылышы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сүлүктү шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-июлундагы № 128 "Сүлүктү шаарынын 2019–жылкы бюджетинин аткарылышы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/490008>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70521/edition/1088156/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сүлүктү шаардык кеңешинин 2020-жылдын 2-июлундагы № 128 "Сүлүктү шаарынын 2019–жылкы бюджетинин аткарылышы жөнүндө" токтому (02.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/490008

---

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) XXVIII сессиясы

2020-жылдын 2-июлу № 128 Сүлүктү шаарынын 2019–жылкы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Сүлүктү шаарынын 2019–жылкы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибеков жана депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ж. Муминовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаарынын 2019-жылга каралган бюджетинин аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибековдун маалыматы кабыл алынсын

2. Сүлүктү шаарынын 2019-жылга каралган бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 58714,5 мин сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 57695,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага

К. Исмаилов
