# Распоряжение Президента КР от 19 августа 1996 года N РП-285 "Об утверждении инструкций "О порядке представления к государственным наградам Кыргызской Республики и их вручения" и "О порядке учета и хранения государственных наград Кыргызской Республики и документов к ним"

- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 285
- Кабыл алынган күнү: 19.08.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/48671>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-6841/edition/981662/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/48671.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Распоряжение Президента КР от 19 августа 1996 года N РП-285 "Об утверждении инструкций "О порядке представления к государственным наградам Кыргызской Республики и их вручения" и "О порядке учета и хранения государственных наград Кыргызской Республики и документов к ним" (10.02.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/48671

---

КР Президентинин 2019-жылдын 23-сентябрындагы ПБ № 204 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 1996-жылдын 19-августу ПБ N 285

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

(КР Президентинин 1999-жылдын 4-февралындагы ПБ N 66, 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүнүн жана аларды тапшыруунун тартиби жөнүндө инструкция (тиркелет);

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жоголгон документтеринин ордуна дубликаттарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү Нускоо (тиркелет);

- (Төртүнчү абзац КР Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйругуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Президентинин 1999-жылдын 4-февралындагы ПБ N 66, 2009-жылдын 10-февралындагы ПБ N 27 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

2. Жогоруда аталган инструкциялардын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик сыйлыктар бөлүмүнө жана жалпы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
