# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелинин № 158 " Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыян тартышкан чарбакер субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелинин № 158 " Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыян тартышкан чарбакер субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/48596>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-8005/edition/1149620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/48596.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелинин № 158 " Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыян тартышкан чарбакер субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому (08.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/48596

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 14-марты № 158

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана

экономикалык зыян тартышкан чарбакер субъекттерди

колдоо боюнча чаралар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 11-январындагы № 33 токтомунун,

2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505 токтомунун

редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005-жылдын февралынын аягында -

марттын башында өлкөнүн бир катар региондорунда айрым шайлоо округда-

рындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине депутаттыкка шайлоолор-

дун жыйынтыктарына нааразы болгон калктын массалык каршылык акциялары

болуп өткөндүгүн белгилейт. Каршылык акциялары көп мињдеген адамдардын

митингилерин, маанилүү транспорт магистралдарын тосуп алууга, админист-

рациялык имараттарды ээлеп алууга алып келген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасындагы

шайлоолор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексин, "Мамлекеттик кызмат

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен аткаруу бийлиги

органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым

жетекчилери Жогорку "Кењештин депутаттыгына айрым талапкерлер үчүн үгүт

жүргүзүү менен мамлекеттик кызматчыларга ошондой эле жалпысынан электо-

ратка да түз же кыйыр түрдө кысым көрсөтүшкөн. Ошол себептен экономика-

лык жактан өнүктүрүүгө тийиштүү көњүл бурулбай калган.

2005-жылдын февраль-мартындагы окуя Кыргыз Республикасынын социал-

дык-экономикалык өнүгүшүнө терс таасир тийгизди. Алсак, алдын ала маа-

лыматтар боюнча 2005-жылдын I кварталында ИДПнын өсүшү өткөн жылдын

ушундай мезгилине салыштырганда пландаштырылган 4 проценттин ордуна 2

процентти түзгөн. Өнөр жайында өндүрүш көлөмү 4,7 процентке кыскарган.

Жүктөрдү ташуу көлөмү - 6,8 процентке, экспорт - 0,4 процентке азайган.

Бюджеттин жоготуулары болжол менен 60 миллион сомду түзөт. Жазгы талаа

жумуштарын жүргүзүүдө артта калуулар орун алган.

Бишкек шаарында көптөгөн соода ишканаларга, коомдук тамактануу

жайларына, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнө, ар кандай коммерциялык уюмдарга

2005-жылдын 24-25-мартында болгон уурдоолордун, талап-тоноолордун жана

тартипсиздиктердин натыйжасында кыйла материалдык зыяндар келтирилген.

Өкмөт үйүнүн имаратында иш жүзүндө бардык компьютерлер жана уюштуруу

техникалары жоголгон жана таланган, айнектер талкаланып, эмеректер сын-

дырылган.

Түзүлгөн Эл биримдигинин координациялык кењешинин, укук коргоо ор-

гандарынын, "Биримдик", "Келкел" жана башка коомдук бирикмелер менен

кыймылдардын, Афганистандагы согуштун ардагер-жоокерлер союзунун

өкүлдөрүнүн оперативдүү иш-аракеттеринин аркасында Бишкек шаарынын ай-

мактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары кыйын учурларда

коомдук тартипти сактоого, жарандарды жана мүлктү коргоого кайраттуулук

менен чыга алышты, ошондой эле элдик кошуундарды уюштуруу чакырыгына үн

кошушкан Кыргызстандын жарандары Бишкек шаарында кыска мөөнөттө тартип-

ке сала алышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уурдап-тоноочуларга бардык каршы

тургандарга, ошондой эле тартипсиздиктин учурунда кыйынчылыкка карабас-

тан бардык жапа чеккендерге өз учурунда жана акысыз медициналык жардам

көрсөтүшкөн Бишкек шаарынын медициналык кызматына, өтө кыйын өрттөрдү

өчүрүү боюнча ак ниеттүүлүк менен эмгектенишкен Кыргыз Республикасынын

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттик

кызматына ак дилден ыраазылык билдирет.

Болуп өткөн талап-тоноолор жана тартипсиздиктер Кыргыз Республика-

сынын инвестициялык климатына да доо кетирди. Ушуга байланыштуу Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү андан ары турукташтыруу, келтирилген зыяндардын

ордун толтурууда чарбакер субъекттерге белгиленген тартипте жардам

көрсөтүү, инвесторлордун менчик укуктарын коргоо боюнча бардык зарыл

чараларды көрөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айрым региондордо аткаруу бийлик ор-

гандарынын айрым жетекчилери тарабынан кызмат адамдарын бошотууда жана

дайындоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилип жат-

кандыгын белгилейт. Бул калктын тынчсыздануусун жана нааразылыгын пайда

кылып, башкаруунун мамлекеттик органдарынын жана чарбакер субъекттердин

иштерин дестабилдештирет.

Туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо, бардык мамлекеттик

структуралардын иштешин андан ары нормалдаштыруу, ошондой эле келтирил-

ген зыянга калыс баа берүү, ишкердикти жана инвесторлорду колдоо макса-

тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, облустук мамлекеттик адми-

нистрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча баш-

кармалыктарынын жетекчилери:

- тейлеген чөйрөлөрүндөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча кыска

мөөнөттө таасирдүү чараларды көрүшсүн;

- макроэкономикалык туруктуулукту сактоону, 2005-жылга бекитилген

максаттуу көрсөткүчтөргө ылайык параметрлерге жетишүүнү камсыз кылыш-

сын;

- мурда кабыл алынган, айрыкча экономикалык өсүшкө жетишүүгө,

калктын жашоо дењгээлин жогорулатууга, эмгек акыны, пенсияларды, посо-

биелерди көбөйтүүгө багытталган бардык нормативдик укуктук актыларды

сөзсүз аткарууну камсыз кылышсын;

- өз алдынча кадрдык жылдырууларды токтотушсун жана бул маселелер-

ди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына бекем ылайык чечишсин;

- эмгек жана аткаруу тартибин, функционалдык милдеттерин өз учу-

рунда жана сапаттуу аткарууну камсыз кылышсын;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга дайындоого, мамлекет-

тик жана муниципалдык кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин атка-

рууга, мамлекеттик органдар тарабынан кызматтарды көрсөтүүгө байланыш-

кан ар кандай жыйымдарга жол беришпесин.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги түзүлгөн абалга ка-

рата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча калк арасында

түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын жана Кыргыз Республикасынын

жарандарын укуктук пропагандалоону жана укуктук жактан тарбиялоону

күчөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агент-

ствосуна төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

- мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын

аткарууга мониторингди камсыздоо;

- мамлекеттик кызматчыларды мыйзамсыз иштен бошотуу, жылдыруу фак-

тылары аныкталган учурларда күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке

тартуу жөнүндө белгиленген тартипте оперативдүү сунуш киргизүү;

- мамлекеттик кызматчылар тарабынан кызмат абалдарын кыянаттык ме-

нен пайдаланууга жана коррупцияга байланыштуу фактыларды аныктоого жар-

дам көрсөтүү үчүн калкты тартуу максатында "ишеним телефонунун" ишин

уюштуруу.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-

нын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги, Кыргыз Республика-

сынын Социалдык фонду, облустук мамлекеттик администрациялар, Бишкек

жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары менен бир-

дикте эмгек акыларды, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды, жењил-

диктерди өз учурунда төлөөнү камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте тартипсиздиктердин

натыйжасында жапа чегишкен жарандарга жардам көрсөтүүгө байланыштуу чы-

гымдарды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ордун толтуруу

жөнүндө сунуш даярдасын жана белгиленген тартипте киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана

соода министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра

иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү

башкаруу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агент-

ство өнөр жай ишканаларынын, чакан жана орто бизнестин субъекттеринин

туруктуу иштешин камсыздоо боюнча кошумча чараларды көрүшсүн.

7. Экономикалык зыянды аныктоо, ишкердикти жана инвесторлорду кол-

доо жагынан чараларды көрүү боюнча тиркемеге ылайык курамда Өкмөттүк

комиссия түзүлсүн.

8.(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 505 токтомуна ылай-

ык күчүн жоготту)

9. Коммерциялык банктарга, башка кредиттик финансы мекемелерине

төмөнкүлөр сунуш кылынсын:

- жапа чеккен чарбакер субъекттерге берилген кредиттерди узартуу;

- жапа чеккен чарбакер субъекттерге бир жылдан ашпаган мөөнөткө

жењилдетилген шарттарда кредиттерди берүү мүмкүнчүлүгүн кароо.

10. Ижарага берүүчүлөргө, ошондой эле бардык товар берүүчүлөргө

жапа чеккен чарбакер субъекттерге ижара акысын жана товарларга төлөөнү

кийинкиге жылдыруу мөөнөтүн берүү сунуш кылынсын.

11. Бишкек шаарынын мэриясы уурдоолордун, талоончулуктун жана тар-

типсиздиктердин жүрүшүндө жок кылынган уруксат берүүчү документтерди

жана долбоордук-сметалык документтерди тез арада калыбына келтирүү бо-

юнча жапа чеккен чарбакер субъекттерге жардам көрсөтсүн.

12. Мамлекеттик бардык ыйгарым укуктуу контролдонуучу органдарга

уурдоолордун жана тартипсиздиктердин кесепетинен жапа чеккен чарбакер

субъекттерди 2005-жылдын аралыгында текшерүүгө (кылмыш-процессуалдык

иштерди жасоого байланышкан учурлардан тышкары) тыюу салынсын.

13. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

- уурдоолордун, талоончулуктун жана тартипсиздиктердин натыйжасын-

да чарбакер субъекттерге зыян келтирүүгө байланыштуу кылмыштарды ачуу

боюнча иштерди тездетсин;

- укук коргоо органдары тарабынан тартып алынган уурдалган жана

тонолгон мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тар-

типте кайтарып берүүнү ишке ашырсын.

14. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына чарбакер субъект-

терге зыян келтирүүгө байланыштуу кылмыштарды ачуу боюнча тергөө иш ча-

раларында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине көзөмөлдүк

тартибинде көмөк көрсөтүү сунуш кылынсын.

15. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жапа чеккен чарбакер

субъекттер милдеттүү социалдык чегерүүлөрдү төлөшүн тарткан зыянынын

суммасында 2005-жылдын аягына чейин кийинкиге жылдыруу мөөнөтүн берүү

сунуш кылынсын.

16. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

17. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Д.Т.Үсөновго жүктөлсүн.

Премьер-министр К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 14-апрелиндеги N 158

токтомуна тиркеме

"Экономикалык зыянды аныктоо, ишкердикти жана

инвесторлорду колдоо жагынан чараларды көрүү боюнча

Өкмөттүк комиссиянын курамы

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 11-январындагы N 33 токтомунун

редакциясына ылайык)

Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы

министри, комиссиянын төрагасы;

Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ко-

миссиянын төрагасынын орун басары;

Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Атамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана

туризм министри;

Жекшенкулов А. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Турдумамбетов Т.О. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү

башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төра-

гасы;

Келдибеков А.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Бюд-

жет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы

(макулдашуу боюнча);

Ормонов У.З. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин де-

путаты (макулдашуу боюнча);

Жолдошев А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый-

мылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамле-

кеттик агенттигинин директору;

Кадырбеков И.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ар-

хитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик

агенттигинин директору;

Тойчубеков Ю.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Фи-

нансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мам-

лекеттик агенттигинин директору;

Ногоев А.И. - Бишкек шаарынын мэри;

Лаврова О.В. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

төрагасы (макулдашуу боюнча);

Сарбанов У.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төра-

гасы (макулдашуу боюнча);

Ибраев О.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Бюд-

жет жана финансы боюнча комитетинин ишмерди-

гин камсыздоо боюнча бөлүмүнүн улук консуль-

танты (макулдашуу боюнча);

Усубакунова Б.С. - "Жабыр тарткан ижарачылар коому" коомдук би-

рикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).".

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын

Жетекчисинин - министрдин

милдетии аткаруучу А.Исабеков
