# 1-статья

- Документ: [О внесении изменений в Уголовный Кодекс Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/484)
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2001
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/484/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-465/edition/855367/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/484/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О внесении изменений в Уголовный Кодекс Кыргызской Республики, 1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/484/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, N 7, 229-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 211-статьянын эскертүүсү төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"Эскертүү. Кылмыш жасалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эң аз айлык акыдан миң эсе ашкан салык төлөбөө ири өлчөмдө салык төлөөдөн четтөө деп табылат.".

2. 212-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеке" деген сөз "жекече" деген сөз менен алмашылсын; биринчи бөлүктөгү "жеке" деген сөз "жекече" деген сөз менен алмашылып, "ошондой эле салык салуунун башка объектилерин жашырышы," деген сөздөр алынсын; эскертүү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Эскертүү. Кылмыш жасалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эң аз айлык акыдан эки миң эсе ашкан салык төлөбөө ири өлчөмдө, эң аз айлык акыдан беш миң эсе ашкан салык төлөбөө өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн четтөө деп табылат.".

3. 213-статьяда:

биринчи бөлүк "кызмат адамдарынын" деген сөздөрдөн кийин "ири өлчөмдө" деген сөздөр менен толукталып, ", ошондой эле салык салынуучу башка объекттерди ири өлчөмдө жаап-жашыруусу" деген сөздөр алынсын; эскертүү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Эскертүү. Кылмыш жасалган күнгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эң аз айлык акыдан беш миң эсе ашкан салык төлөбөө ири өлчөмдө, эң аз айлык акыдан он миң эсе ашкан салык төлөбөө өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн четтөө деп табылат. Айыптык санкцияларды, туумдарды, проценттерди кошуп алганда, салык карыздарынын бүткүл суммасын ыктыярдуу жойгон учурда адамды кылмыш-жаза куугунтугуна алуу кылмыш-жаза процессинин ар кандай стадиясында токтотулууга тийиш. Эскертүүнүн ушул бөлүгүнүн жоболору ушул Кодекстин 211, 212, 213-статьяларына жайылтылат.".

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/484/st-2)
