# Көк-Арт айылдык кеңешинин 2020-жылдын 16-июнундагы № 2 "Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 02.06.2020-жылдагы чыгыш № 07-3/1041 каты жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Арт айылдык кеңешинин 2020-жылдын 16-июнундагы № 2 "Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 02.06.2020-жылдагы чыгыш № 07-3/1041 каты жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/482168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70464/edition/1046022/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Арт айылдык кеңешинин 2020-жылдын 16-июнундагы № 2 "Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 02.06.2020-жылдагы чыгыш № 07-3/1041 каты жөнүндө" токтому (16.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/482168

---

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Көк-Арт айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы

2020-жылдын 16-июну № 2 Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 02.06.2020-жылдагы чыгыш № 07-3/1041 каты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 05-февралындагы “Айылдык кенештерде акы төлөө негизинде кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” № 64-токтомун угуп,белгиленген токтомго ылайык,Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жакып уулу Мирбек тарабынан окулуп, жогорудагы Сузак РМА катынын негизинде сунушун талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6 чакырылышындагы кезектеги XIX-сессиясы токтом кылат:

1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн калкынын саны 6001ден жогору болгондуктан,айыл аймактын жергиликтүү кеңештин жооптуу катчы кызмат орундун штаттык ырааттамасы бекитилсин.

2. Айылдык кеңешинин жооптуу катчы бош административдик муниципиалдык кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү боюнча туруктуу конкурсттук комиссия курамы түзүлсүн.

3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.myl.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомду аткарылышынын көзөмөлдөө жагын Көк-Арт айылдык кеңешинин мыйзамдуулук,укук коргоо маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы

С.Жуманазаров
