# Курманбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 2 “Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башкамаксаттарга пайдалануу боюнча Жайыт ресурстарынмал жаюу менен байланышпаган башка максаттаргапайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Курманбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 2 “Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башкамаксаттарга пайдалануу боюнча Жайыт ресурстарынмал жаюу менен байланышпаган башка максаттаргапайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/482149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70445/edition/1045968/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Курманбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 2 “Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башкамаксаттарга пайдалануу боюнча Жайыт ресурстарынмал жаюу менен байланышпаган башка максаттаргапайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө” токтому (15.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/482149

---

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2020-жылдын 15-сентябры № 2 “Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башкамаксаттарга пайдалануу боюнча Жайыт ресурстарынмал жаюу менен байланышпаган башка максаттаргапайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө” Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3-1, 10-беренелерине ылайык, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөТИПТҮҮ ЖОБОну жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн акы, мал жаюуга пайдалануу үчүн каралган акыга барабар өлчөмдө бекитилсин.

2. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим түзүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

3. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимге, берилүүчү жер участогунун чек арасы жана аянты көрсөтүлгөн пландык-картографиялык материал тиркелсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы

Ч.Тайгараев
