Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин «Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
2020-жылдын 1-июлу № 229 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык кеңешинин катчысынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы №115 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы кызмат ордунун штаттык бирдиги (1штаттык бирдик) бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети дотацияда болуп жана 2020-жылга жергиликтүү бюджетте айылдык кеӊештин катчысынын штат бирдиги каралбагандыгы белгиленсин.
3. КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык киргизилген айылдык кеӊештин катчысынын штат бирдигине айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин тартыштыгын эске алуу менен ага жумшалуучу каражатты чечип берүү жагы КРнын каржы министрлигиинен суралсын.
4. Бекитилген штаттык бирдик тууралуу Токтогул райондук финансы бөлүмүнө билдирүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин төрагасы
К.Байсопуев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.