# Таш-Булак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 04-февралындагы № 08 “Дмитровка айылынын көчөсүнө Мирсидиков Мирзахамдамдин атын коюу жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 04-февралындагы № 08 “Дмитровка айылынын көчөсүнө Мирсидиков Мирзахамдамдин атын коюу жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 08
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/481934>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70230/edition/1043057/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Таш-Булак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 04-февралындагы № 08 “Дмитровка айылынын көчөсүнө Мирсидиков Мирзахамдамдин атын коюу жөнүндө” токтому (04.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/481934

---

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН VI-ЧАКЫРЫК XXII- СЕССИЯСЫ

2020-жылдын 04-февралы № 08 “Дмитровка айылынын көчөсүнө Мирсидиков Мирзахамдамдин атын коюу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып жана Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дмитровка айылынын тургундарынын чогулушунун протоколунун чечимин карап чыгып жана талкуулап, Таш-Булак айылдык кеңешинин XХII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Дмитровка айылынын жаңы көчөсүнө “Мирсидиков Мирзахамдам”дин аты ыйгарылсын.

2. Бул көчөдөгү уйлордун нумерациялоо, вывескаларды даярдап илдируу жана ошол көчөнү өздөштүрүү иштерин алып баруу Мирсидиковдордин үй- бүлөөлөрүнө жүктөтүлсүн.

3. Мирсидиков Мирзахамдамдин атын коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Таш-Булак айылдык кеңешинин төрагасы

Шермат уулу Алмаз
