# Атай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 11 "Айыл өкмөтүнүн аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кум, шагыл алууга жер аянтарын тандоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Атай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 11 "Айыл өкмөтүнүн аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кум, шагыл алууга жер аянтарын тандоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/481730>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-70028/edition/1036801/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 11 "Айыл өкмөтүнүн аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кум, шагыл алууга жер аянтарын тандоо жөнүндө" токтому (11.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/481730

---

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы

2019-жылдын 11-сентябры № 11 Айыл өкмөтүнүн аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу кум ,шагыл алууга жер аянтарын тандоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы №43 токтомуна ылайык жер жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу максатында айыл өкмөтүнүн жер тандоо боюнча түзүлгөн комиссиясынын актысын угуп, талкуулап сунуш-пикирлерди эске алып Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Атай ,Карл Маркс айылдарынын ички жолдорун кара шагыл менен бодурлоо иштери жүрүп жаткандыктан шагыл алууга Атай суусунун жээгинен Молдалиев Өмүрбектин сарайынын тушунан 0,1 гектар жер тилкесинен;

2. Атай ,Карл Маркс айылдарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында "Таза Суу " долбоорлору негизинде иш жүргүзүлүп суу түтүктөрүн жаткырууга казылган жер тилкесине кум төшөөгө Калдама участкасынан “Кум кыя” жер тилкесинен 1392-1393 контурларынан 0,1 гектар жер тилкелеринен кум , шагыл алууга бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси М.Асановго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Бобукеевге тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Атай айылдык Кеңешинин төрагасы

У.Шерипов
