Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Теплоключенка айылдык кеңешинин «Теплоключенка айыл аймагында тамеки заттарын сатууга тыюу салуу жөнүндө» токтому
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII-чакырылышынын 27-сессиясы
2019-жылдын 31-декабры №85 Теплоключенка айыл аймагында тамеки заттарын сатууга тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августу №175 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 12, 15-беренелеринин негизинде айылдык аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Теплоключенка айыл аймагынын калкынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жана тамеки заттарын керектөөнү жөнгө салуу максатында төмөндөгүлөргө тыюу салынсын:
- он сегиз жашка толо элек балдарга;
- он сегиз жашка толо элек балдар тарабынан;
- саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин имараттарында, спорт залдарында жана курулмаларында, стадиондордо жана аларга жакын радиуста жайгашкан жерлерде жана дүкөндөрдө.
2. Тамеки заттарын сатууга түрткү берүү, тамеки жана тамеки заттарына демөөрчүлүк кылуу жана жарнактоо учурларда тыюу салынсын:
- тамеки заттарын калк арасында акысыз таркатууга; тамеки заттарын сатуу көлөмүн көбөйтүү максатында маданий-массалык иш чараларды, ачык акцияларды жана сынактарды уюштурууга; тамеки заттары түрүндө азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды даярдоого жана сатууга;
- маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдө байге түрүндө тамеки заттарын пайдаланууга; маданий-спорттук, ден соолукту чыңдоо иш-чараларына жергиликтүү, чет өлкөлүк да тамеки компанияларынын демөөрчүлүгүнө;
- жергиликтүү жана чет өлкөлүк тамеки фирмаларынын же биргелешкен ишканалардын тамеки тартууну пропагандалаган маданий-спорттук, ден соолукту чыңдоо иш-чараларын, кандайдыр бир конкурстарды, дискотекаларды өткөрүүгө;
- тамекини жана тамеки заттарын түз жана кыйыр түрдө жарнактоого. Тамеки продукцияларын жарнактоого тамеки заттарын саткан жерлерде гана уруксат берилет. Жарнак материалынын өлчөмү 2000кв.см чоң болбоого тийиш. Дүкөндүн ичиндеги ар бир жарнак материалы медициналык эскертүү менен коштолууга жана жарнак аянтынын кеминде 40% ээлөөгө тийиш.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылсын, Мамлекеттик каттоо Реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Э.А.Темиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөЗакон · 21.08.2006 · № 175 · Күчүн жоготкон