# Сакалды айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-мартындагы № 1 "Айыл ѳкмѳттүн башчысын шайлоо жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Сакалды айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-мартындагы № 1 "Айыл ѳкмѳттүн башчысын шайлоо жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/481206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-69509/edition/1026716/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сакалды айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-мартындагы № 1 "Айыл ѳкмѳттүн башчысын шайлоо жѳнүндѳ" токтому (24.02.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/481206

---

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

2020-жылдын 6-марты № 1 Айыл ѳкмѳттүн башчысын шайлоо жѳнүндѳ ”Айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ” Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №105-токтомунун талаптарына жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ 2020-жылдын 6-мартындагы протоколуна ылайык Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы токтом кылат :

1.Добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун,”Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызматына айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган талапкер Масиров Шайырбек Маматкулович шайланды деп эсептелсин.

Төрага

Д.Бекназаров
