# Достук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 09-июнундагы № 2 (Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Достук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 09-июнундагы № 2 (Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/481127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-69432/edition/1025738/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Достук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 09-июнундагы № 2 (Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө) токтому (09.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/481127

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 09-июну № 2 Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат орду (Б-Б) кызмат орундарынын классификациясы кадамдарына ылайык 2020-жылдын 1-июлунан тартып бекитилсин.

2. Бекитилген кызмат ордун ээлеген кызматкерди КРдин мыйзамдарына ылайык каржылоо айыл өкмөттүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрагасы

Э.Мансиркулов
