# Ала-Бука айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 10/11 (Ала-Бука айыл аймагынын балансында турган трасформаторлорду “Жалалабадэлектро”ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 10/11 (Ала-Бука айыл аймагынын балансында турган трасформаторлорду “Жалалабадэлектро”ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/11
- Кабыл алынган күнү: 26.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480709>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-69028/edition/1011387/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ала-Бука айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 10/11 (Ала-Бука айыл аймагынын балансында турган трасформаторлорду “Жалалабадэлектро”ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө) токтому (26.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480709

---

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2019-жылдын 26-ноябры № 10/11 Ала-Бука айыл аймагынын балансында турган трасформаторлорду “Жалалабадэлектро”ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.06.2017-жыл № 349, 2017-жылдын 24-ноябрындагы № 773 токтомдоруна ылайык, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн балансасында турган трансформаторлорду “ Жалалабадэлектро” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү боюнча башкы адис М.Жеенкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн балансасында турган трансформаторлорду “ Жалалабадэлектро” ачык акционердик коомуна өткөрүп берилсин.

2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Н.Аскаровго жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

А.Саттаров
