# Каргалык айылдык кенешинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 65 (Сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которуу жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Каргалык айылдык кенешинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 65 (Сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которуу жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 27.11.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480515>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68837/edition/1032245/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каргалык айылдык кенешинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 65 (Сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которуу жөнүндө) токтому (27.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480515

---

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы

2019-жылдын 27-ноябры № 65 Сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которуу жөнүндө Каргалык айыл өкмөтүнүн 14-ноябрь 2019-жылдагы №773-кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айыл аймагынан айыл-кыштакты кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512-токтомуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктунун негизинде, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каргалык айыл аймагынын Казарман айылынын «Демилге» участкасынын №123, 124, 128- контурларынан 56 га жана “Ынтымак” участкасынын №137, 140, 144- контурларынан 17,4 га - жалпы 73,4 га жер аянты сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которулсун.

2. Бул боюнча даярдалган тиешелүү материалдар Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Р.Жунусакунов
