Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каргалык айылдык кенешинин (Сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которуу жөнүндө) токтому
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы
2019-жылдын 27-ноябры № 65 Сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которуу жөнүндө Каргалык айыл өкмөтүнүн 14-ноябрь 2019-жылдагы №773-кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айыл аймагынан айыл-кыштакты кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.10.2018-жылдагы №512-токтомуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктунун негизинде, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын Казарман айылынын «Демилге» участкасынын №123, 124, 128- контурларынан 56 га жана “Ынтымак” участкасынын №137, 140, 144- контурларынан 17,4 га - жалпы 73,4 га жер аянты сугат айдоо категориясынан калктуу конуштун категориясына которулсун.
2. Бул боюнча даярдалган тиешелүү материалдар Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:
Р.Жунусакунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого)…Постановление · 31.10.2018 · № 512 · Күчүн жоготкон