# Сакалды айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 2 (Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Сакалды айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 2 (Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68834/edition/1032239/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сакалды айылдык кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 2 (Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө) токтому (11.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480512

---

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы

2020-жылдын 11-июну № 2 Айылдык кеңешке жооптуу катчы кызмат ордун бекитүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2020-жылдын 29-майындагы № 01-25/119 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомдоруна ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомдоруна ылайык Сакалды айылдык кеңешине жооптуу катчы кызмат орду (Б-Б) кызмат орундарынын классификациясы кадамдарына ылайык 2020-жылдын 1-июлунан тартып бекитилсин.

2 . Бекитилген кызмат ордун ээлеген кызматкерди КРдин мыйзамдарына ылайык каржылоо айыл өкмөттүн каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комитетинин тѳрагасы А.Нышанбаевге тапшырылсын .

Айылдык кеңештин төрагасы

Д. Бекназаров
