# Сакалды айылдык кенешинин 2020-жылдын11-июнундагы № 1 (Участкалык шайлоо комиссия ачуу жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Сакалды айылдык кенешинин 2020-жылдын11-июнундагы № 1 (Участкалык шайлоо комиссия ачуу жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 11.06.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480511>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68833/edition/1032237/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сакалды айылдык кенешинин 2020-жылдын11-июнундагы № 1 (Участкалык шайлоо комиссия ачуу жөнүндө) токтому (11.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480511

---

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясы

2020-жылдын11-июну № 1 Участкалык шайлоо комиссия ачуу жөнүндө Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамынын 11-беренесинин, 2-бѳлүмүнѳ ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ мыйзамынын 11-беренесинин 2-бѳлүмүнүн негизинде Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы №2185 Сакалды шайлоо участкасынын шайлоочуларынын саны 2500 шайлоочудан ашып кеткендигине байланыштуу Кормоцех кичи айылынын жашоочулары үчүн ѳзүнчѳ шайлоо участкасы уюштурулсун.

2. Шайлоо участканын чек аралары тѳмѳнкүдѳй болуп бекитилсин

Дареги:Сакалды айылынын Кормоцех калктуу конушу , Б.Шерматов кѳчѳсү №23 №48 М.Матсаков орто мектебинин имараты Чек ара : А.Юсупов кѳчѳсү так сан №1 үйдѳн №25 үйгѳ чейин,жуп сан №2 үйдѳн тартып №24 үйгѳ чейин,Ш.Моложанов кѳчѳсүнүн №58 үйдѳн № 90 үйгѳ чейинки бѳлүгү,Б.Шерматов ,А.Арапбаев ,Р.Шерматов, М.Акматалиев, Мамаш-Ата,А.Жолдошов,Кормоцех кѳчѳлѳрү толугу менен ошондой эле №2186 Кыргызстан шайлоо участкасына камтылып келген Мамаш-Ата-1 кѳчѳсү толугу менен .

3. Токтомду бекитип берүү КРдин Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык комиссиясынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Айылдык кеңештин төрагасы

Д. Бекназаров
