# Могол айылдык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №9 (Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна кайтарымсыз ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ) токтому

- Толук аталышы: Могол айылдык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №9 (Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна кайтарымсыз ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68832/edition/1032235/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Могол айылдык кенешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №9 (Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна кайтарымсыз ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ) токтому (26.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480510

---

МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Могол айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIХ– сессиясы

2019-жылдын 26-декабры №9 Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна кайтарымсыз ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №206-токтому менен (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы №349, 2017-жылдын 24-ноябрындагы №773-токтомдорунун редакцияларына ылайык) Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык трансформаторлорду жана электрмамычаларын электр тармагына ѳткѳрүп берүү боюнча Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХIХ–сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №206-токтому менен бекитилген “Турак-жай объекттеринин турмуш тиричилигин камсыз кылуучу инженердик тармактарды, аларды эксплуатациялоону жүзѳгѳ ашыруучу уюмдарга объектини эксплуатациялоого кабыл алуу актысынын негизинде акысыз ѳткѳрүп барүү тартибине ылайык, Могол айыл аймагынын айлдарында жайгашкан муниципалдык 7 (жети) трансформатор жана электрмамы-чалары “Жалал-Абадэлектро” ачык акционердик коомуна акысыз ѳткѳрүлүп берилсин.

2. Ѳткѳрүп берүү боюнча Могол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тийиштүү жумуштарды жүргүзсүн.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Могол айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Турдукуловко тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Могол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Юлдашевке тапшырылсын.

Могол айылдык Кенешинин төрагасы:

Т.Омурзаков
