# Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 4 (Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүңдө токтому)

- Толук аталышы: Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 4 (Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүңдө токтому)
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480427>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68749/edition/1031955/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 4 (Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүңдө токтому) (30.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480427

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы

2019-жылдын 30-декабры № 4 Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүңдө

Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата суунун тарифтерин бекитүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VIчакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы

Токтом кылат:

1.Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.

2.Каныш-Кыя Тазалык муниципалдык ишканасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жалал-Абад областтык антимонополия жөнгө салуу агенттигинин макулдашуусу менен 2020-жылга карата Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн аймагында таза суунун тарифи 1-2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик

администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы

Ж. Бегалиев
