# Кара-Бак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-январындагы № 8 (Кара-Бак айылдык кеңешинин катчылык кызматын жана кеңештин төрагасы кызматын кароо жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Кара-Бак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-январындагы № 8 (Кара-Бак айылдык кеңешинин катчылык кызматын жана кеңештин төрагасы кызматын кароо жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68677/edition/1005968/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кара-Бак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 13-январындагы № 8 (Кара-Бак айылдык кеңешинин катчылык кызматын жана кеңештин төрагасы кызматын кароо жөнүндө) токтому (13.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480355

---

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2020-жылдын 13-январы № 8 Кара-Бак айылдык кеңешинин катчылык кызматын жана кеңештин төрагасы кызматын кароо жөнүндө Кара-Бак айылдык кеңешинине КРӨ караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамелелер боюнча мамлекеттик агентигинен 31.12.2019-жылы келген №01-25/457 сандуу катынын негизинде Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 37-беренелерине таянып айылдык кеңешке жооптуу катчы кызматы штаттык бирдигине жарыя берүү жагы айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлсүн.

2. КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 35-37-беренелерине таянып айыл өкмөтүнүн бюджетине айылдык кеңештин төрагасына 2020-жылдын 1-июлунан тартып жана кеңештин жооптуу катчысына 2020-жылдын 1-январынан тартып айлык маяналарын эсептеп киргизүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын .

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Кеңешинин төрагасы:

А.Айдаров
