Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кара-Бак айылдык кеңешинин (Кара-Бак айылдык кеңешинин катчылык кызматын жана кеңештин төрагасы кызматын кароо жөнүндө) токтому
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2020-жылдын 13-январы № 8 Кара-Бак айылдык кеңешинин катчылык кызматын жана кеңештин төрагасы кызматын кароо жөнүндө Кара-Бак айылдык кеңешинине КРӨ караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамелелер боюнча мамлекеттик агентигинен 31.12.2019-жылы келген №01-25/457 сандуу катынын негизинде Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 37-беренелерине таянып айылдык кеңешке жооптуу катчы кызматы штаттык бирдигине жарыя берүү жагы айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлсүн.
2. КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 35-37-беренелерине таянып айыл өкмөтүнүн бюджетине айылдык кеңештин төрагасына 2020-жылдын 1-июлунан тартып жана кеңештин жооптуу катчысына 2020-жылдын 1-январынан тартып айлык маяналарын эсептеп киргизүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын .
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Кеңешинин төрагасы:
А.Айдаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон