# Таш-Мойнок айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 90 (“Жер тилкесин которууга (трансформация) макулдук берүү” жөнүндө) токтому

- Толук аталышы: Таш-Мойнок айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 90 (“Жер тилкесин которууга (трансформация) макулдук берүү” жөнүндө) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/480306/edition/1058785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/480306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Таш-Мойнок айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 90 (“Жер тилкесин которууга (трансформация) макулдук берүү” жөнүндө) токтому (25.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480306

---

ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Таш-Мойнок айылдык кеӊешинин 27 чакырылышынын кезектеги отуруму

2018-жылдын 25-декабры № 90 “Жер тилкесин которууга (трансформация) макулдук берүү” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 14-беренесине ылайык, жер, айыл –чарба жана экология боюнча айылдык кеӊешинин комитетинин төрагасы Т.Кубанычбековдун кайрылуусун угуп жана 2018-жылдын 25-декабрындагы отурумдун протоколунун негизинде, Таш-Мойнок айылдык кеӊеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Социалдык объектилерди жайгаштырууга жана бала-бакча салуу максатында, Таш-Мойнок айыл аймагынын Беш-Күнгөй айылынын чыгыш тарабынан № 117 контурда жайгашкан 0,30 га өлчөмүндөгү жайыт жерин, “Айыл чарба багытындагы” жерди “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2.Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына социалдык объектилерди жайгаштырууга жана бала-бакча салуу максатында, Таш-Мойнок айыл аймагынын Беш-Күнгөй айылынын чыгыш тарабынан № 117 контурда жайгашкан 0,30 га өлчөмүндөгү жайыт жерин, “Айыл чарба багытындагы” жерди “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттардагы жерлер” категориясына которуу боюнча өтүнүч берилсин.

3.Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары С.Чаргынбаевге жүктөлсүн.

Төрага

Т. Молдобаев
