# Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 (Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 (Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2020
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480304>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68627/edition/1166580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/480304.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 (Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу) токтому (30.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480304

---

Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 110 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2020-жылдын 14-январы № 140

Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши (Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күрөөгө убактылуу укуктарды өткөрүп берүү механизмин иштеп чыксын; алты айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер жана шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер жана шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Ж.Абиров
