# Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 01-октябрындагы №25/124 (Сары-Булак айылынан ОсОО Нур-Телеком компаниясына убактылуу жер берүү жөнүндө.) токтому

- Толук аталышы: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 01-октябрындагы №25/124 (Сары-Булак айылынан ОсОО Нур-Телеком компаниясына убактылуу жер берүү жөнүндө.) токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25/124
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68575/edition/1031535/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2019-жылдын 01-октябрындагы №25/124 (Сары-Булак айылынан ОсОО Нур-Телеком компаниясына убактылуу жер берүү жөнүндө.) токтому (01.10.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480250

---

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXV сессиясы

2019-жылдын 01-октябры №25/124 Сары-Булак айылынан ОсОО Нур-Телеком компаниясына убактылуу жер берүү жөнүндө. Сары-Булак айыл аймагына караштуу Сары-Булак айылынын элин уюлдук байланыш менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 7-статьясынын 3-пункутуна, 32-статьясынын 4-пунктуна,Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябры № 515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.Сары-Булак айылынын Сары-Булак участогунан «Нур-Телеком» уюлдук байланышынын фидердик антена жана тетиктерин орнотууга жер берүүгө макулдук берилсин.

2. «Нур-Телеком» уюлдук байланыш ишканасына келишимдин негизинде жер берүү менен берилген жерди жеринде чектеп берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология,жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Т. Жумамүдүн уулу
