# Ак-Булун айыл аймагынын айыл кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы №31 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялардын курамын бекитүү жѳнүндѳ" токтому

- Толук аталышы: Ак-Булун айыл аймагынын айыл кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы №31 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялардын курамын бекитүү жѳнүндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480081>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/480081/edition/1031381/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Булун айыл аймагынын айыл кенешинин 2018-жылдын 26-декабрындагы №31 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялардын курамын бекитүү жѳнүндѳ" токтому (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480081

---

АК-БУЛУН АЫЙЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Ак-Булун айылдык Кенешинин 27-чакырылышынын 10 сессиясынын

2018-жылдын 26-декабры №31

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялардын курамын бекитүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексинин 313-беренесин,Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 14- апрелиндеги № 120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин,Кыргыз Республикасынын Жоруктар жѳнүндѳ кодексин ,Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин,Кыргыз Республикасынын Жазык- аткаруу кодексин,Кыргыз Республикасынын Бузуулар жѳнүндѳ кодексин, « Пробация жѳнүндѳ», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында Ак-Булун айылдык кенеши токтом кылат;

1. Ак-Булун айыл аймагы боюнча бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы 5 кишиден түзүлсүн.

Байсынов Бейшемби-аксакалдар сотунун тѳрагасы–комиссиянын тѳрагасы Комиссиянын мүчөлөрү Абакирова Махабат-айыл ѳкмѳтүнүн башкы адиси- комиссиянын жоопту катчысы Кокпаев Эрнист–жергиликтүү кенештин депутаты Давыдова Оксана-аялдар кенешинин төрайымы Турганбаев Ысый-ардагерлер кенешинин мүчөсү

Төрага

Б.Э. Демесинов
