# Аламүдүн районунун төмөнкү аларча айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы №21/64 "Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетин бекитүү, 2018-жылдын бюджеттик отчетун аткаруу боюнча жана орто-мөнөөттүү бюджетинин проектиси 2019-2020-жылдарга" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн районунун төмөнкү аларча айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы №21/64 "Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетин бекитүү, 2018-жылдын бюджеттик отчетун аткаруу боюнча жана орто-мөнөөттүү бюджетинин проектиси 2019-2020-жылдарга" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 21/64
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480050>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68385/edition/1021255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/480050.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн районунун төмөнкү аларча айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы №21/64 "Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетин бекитүү, 2018-жылдын бюджеттик отчетун аткаруу боюнча жана орто-мөнөөттүү бюджетинин проектиси 2019-2020-жылдарга" токтому (25.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480050

---

АЛАМYДYН РАЙОНУНУН ТӨМӨНКY-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ ТӨМӨНКҮ-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXI КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙЫНЫ

2019-жылдын 25-январы №21/64

Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетин бекитүү, 2018-жылдын бюджеттик отчетун аткаруу боюнча жана орто-мөнөөттүү бюджетинин проектиси 2019-2020-жылдарга Айыл аймактын башчысы Э.Н.Аалиев "2019-жылга карата айылдык кеңешинин бюджетин бекитүү жана 2019-2020-жылга орто-мөнөөттүү пландык прогнозунун проектиси тууралуу" жана 31-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын 2016-жылынын 12-декабырындагы №196 редакциясына ылайык:

1. Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын бюджетинин 2018-жылындагы кирешеси 28745,5 миң сом, кирешеси 2795,4 миң сом, чыгашасы 2752,6 миң сом боюнча атайын эсептеп аткаруу отчету бекитилсин;

2. Негизги эсеп боюнча 74,3 миң сом, атайын эсеп кирешеси боюнча 293,7 миң сом, калган калдыктары 2019-жылдын 1-январына бекитилсин;

3. Айыл аймактын бюджетинин 2019-жылдагы пландык прогнозунун киреше жана чыгаша боюнча сунушун бекемдөө:

- бюджет боюнча 31142,8 миң сом;

- атайын эсеп боюнча 3150,0 миң сом;

4. Айыл аймактын киреше бюджетинин бөлүгү жана атайын эсебинин планы түшкөн булактардан 2-тиркеменин негизинде бекитилсин;

5. Айыл аймактын 2019-жылдагы финансы булагынын күнүмдүк чыгашалары 3-тиркеменин негизинде бекитилсин;

6. Айыл аймактын 2018-жылдагы финансы булагынын жылдыруудагы күнүмдүк чыгашалары 4-тиркеменин негизинде бекитилсин;

7. Киреше боюнча эсеп маалыматы, айыл аймактын бюджетинин 2019-2021-жылындагы чыгаша боюнча орто-мөнөөттүү планынын проектиси кабыл алынсын;

8. 2019-жылдын бюджетине 20,0 миң сом кассанын нагыз айлануусуна бекемделсин;

9. Айыл аймактын бюджеттик мекемелеринин финансы чыгашаларынын каражат өлчөмүн иш-чараларга жана программаларга нагыз токтомдун негизинде орнотулсун;

10. Айыл аймактын 2019-жылдагы бюджеттик чыгымдары түшкөн кирешенин негизинде каржыланат, ушунун ичинде биринчи орунда чыгымдардын сметасы коргоо беренесинин негизинде орнотулсун (айлык акы, Социалдык фондко чыгаруу, тамак-аш, комуналдык тейлөө);

11. Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы 109-беренесинин "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин иш жүзүнө ашыруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, айыл аймактын каржы-экономикалык бөлүмүнө бюджетти өндүрүүнүн аткаруу процестик укугун берүү менен бирге, бөлүнгөн акча менен чыгымдардын беренеси кыскартылбасын;

12. 2019-жылдын штаттык ыраатманы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын негизинде, турак-жай коммуналдык чарбасынын,айыл аймактык Маданият үйүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартынын №131 токтомуна ылайык "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлердин жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын шарттарын жана ишин баалоо жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябырындагы №543 "Жумушчулардын эмгек акысынын шарттары боюнча, мамлекеттик органдардын тейлөө иштери жана Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу органдары", 2008-жылдын 23-январындагы №22 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 "Калыптык стркутурасын жана Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу органдары" токтомунун негизинде (штаттык ырааттама тиркелет) бекитилсин;

13. Кыргыз Республикасынын 28-беренесинин 16-пунктунун "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамына ылайык 2019-жылы муниципалдык кызматкерлерди окутуу үчүн 27,5 миң сом бекитилсин;

14. Турак-жай комуналдык чарбасынын жумушчуларына жана кызматкерлерине зыяндуу жана оор эмгектери үчүн айлык акысына кошумча акы 30% кошулуп бекитилсин;

15. Төмөнкү-Аларча орто мектебинин мугалимдеринин коммуналдык төлөмүнө компенсация катары "Нурдан-Нур" балдар бакчасынын тарбиячыларына, айыл өкмөттүн кызматкерлерине жана турак-жай коммуналдык чарбасынын жумушчуларына , Маданият үйүнүн ишкерлерине , Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын китепканасына 2000 (эки миң) сомдон каралсын;

16. 2019-жылы бюджетти аткаруу процессинде кошумча түшкөн айыл аймактын кирешелерин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан коюлган социалдык-экономикалык планды аткаруу боюнча социалдык суроолорду жана өздөк чечимдерди аткарууга жумшалсын;

17. 2019-жылы Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын башчысына жалпы чыгымдан 1% резервный фондко 307,3 миң сом бекитилсин;

18. Муниципалдык кызматкерлерди колдоо максатында айыл аймактын бюджетинен 2019-жылы материалдык жардамдарды жана акчалай сый акы төлөөгө беш айлык акы өлчөмүндөгү акча каражаты каралсын;

19. "Нурдан-Нур" балдар бакчасына тарбиячыларынын тамак-ашына, кошумча ар бир балага 18 сомдон, айыл өкмөттүн бюджетинен каралсын;

20. Айыл жолдорун ондоп-түзөө боюнча сметанын негизинде бекитилсин;

21. Жарандарга социалдык жардам көрсөтүүнү ишке ашыруу жана маданий иш-чараларга 1900,0 миң сом бекитилсин;

22. Өзгөчө кырдаалдар ишине 700,0 миң сом бекитилсин;

23. Спорттук иш-чаралардын эл-аралык денгээлде мүлк-шаймандарды камсыздоо жана жол акыларынын чыгымдарына 250,0 миң сом бекитилсин;

24. Ушул токтомдун аткарылышына жана ошондой эле Төмөнкү-Аларча айыл аймагынын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча көзөмөл жүргүүзү айыл аймактын башчысы Э.Н.Аалиевге жүктөлсүн.

Төмөнкү-Аларча айылдык кенешинин төрайымы

Р.Толкомбаева
