# Аламүдүн районунун төмөнкү - аларча айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы №20/62 "Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн районунун төмөнкү - аларча айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы №20/62 "Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/62
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/480048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-68383/edition/1021251/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/480048.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн районунун төмөнкү - аларча айылдык кеңешинин 2018-жылдын 10-декабрындагы №20/62 "Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө" токтому (10.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/480048

---

АЛАМYДYН РАЙОНУНУН ТӨМӨНКY-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ ТƟМƟНКY-АЛАРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XX КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙЫНЫ

2018-жылдын 10-декабры №20/62

Муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы "Айылды суу менен камсыздоо системаларын ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин балансынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө" Токтомуна жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 8-августундагы "Аламүдүн районунун территориясындагы муниципалдык ишканаларды оптимизациялоо жөнүндө" №239-буюрмасына ылайык:

1. Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн алдында ичүүчү суу менен камсыз кылуучу муниципалдык ишкана түзүлсүн;

2. Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтү белгиленген тартипте "Кумуш-Булак" АКБИСБнын балансынан суу системасын айыл өкмөттүн балансына өткөрүп алсын;

3. М.Сооронкулов "Кумуш-Булак" АКБИСБсын ликвидация кылууга туура келген иш кагаздарын даярдасын;

4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.

Төмөнкү-Аларча айылдык кенешинин төрайымы

Р.Толкомбаева
