# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апреля №202 "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу жөнүндө"указы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апреля №202 "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу жөнүндө"указы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 202
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4800>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2349/edition/288784/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4800.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 16-апреля №202 "Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды башкаруу жөнүндө"указы (16.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4800

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2009-жылдын 16-апрели ПЖ № 202

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук

жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу үчүн

пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык

имараттарды башкаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине жана "Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык

Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, мамлекеттик администрациялык имарат-

тарды башкарууну өркүндөтүү максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан

аткарылып жаткан, мамлекеттик башкаруу органдарын жайгаштыруу жана мам-

лекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча функцияларды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өткөрүп берүү максатка ылайыктуу деп

эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

- "Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жана күтүү

боюнча борбор" мамлекеттик ишканасын (мындан ары - Борбор) анын балан-

сында турган мамлекеттик администрациялык имараттар менен Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын карамагына өткөрүп берсин;

- мамлекеттик администрациялык имараттарды башкарууну ишке ашыруу-

чу бөлүмдүн штаттык бирдиктерин эмгек акынын тиешелүү фонду, оргтехни-

касы жана жабдуулары менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппа-

ратына өткөрүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүнө

тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.

3. Борборго төмөнкү функциялар берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечими менен мамле-

кеттик администрациялык имараттарга мамлекеттик органдарды, алардын ве-

домстволук жана аймактык бөлүмдөрүн жайгаштыруу боюнча;

- мамлекеттик администрациялык имараттарды натыйжалуу пайдалануу

жагындагы сунуштарды киргизүү боюнча;

- мамлекеттик органдарды, алардын ведомстволук жана аймактык бө-

лүмдөрүн жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык

имараттардын реестрин жүргүзүү боюнча.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

- ушул Жарлыктан келип чыккан маселелерди чечсин;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин ушул Жарлыкка

ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетек-

чиси өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 4-февралындагы

№ 58 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 13-майындагы №

126 буйругу;

- "Мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдалануу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-январындагы № 1 Жар-

лыгы.

7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мам-

лекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
