# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №481 "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасы бар адамдарга эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №481 "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасы бар адамдарга эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 481
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4795>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2348/edition/1124510/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4795.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 31-декабрындагы №481 "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасы бар адамдарга эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4795

---

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 31-декабры ПЖ 481

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасы бар адамдарга эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон жарандарды финансылык жактан колдоону камсыз кылуу максатында токтом кылам:

1. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген жогорку артыкчылык дара-

жасына татыктуу болгон адамдарга 2009-жылдын 1-январынан тартып эмгек акы 100%га жогорулатылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- жањы өлчөмдөгү эмгек акыны төлөө үчүн зарыл каражаттарды тапсын;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
