# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 2-майындагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун Дирекциясы жөнүндө"Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 2-майындагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун Дирекциясы жөнүндө"Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4793>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2347/edition/627765/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4793.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 2-майындагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун Дирекциясы жөнүндө"Жарлыгы (02.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4793

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-майы ПЖ № 155

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасында Чакан жана орто

энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун

Дирекциясы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын чакан жана орто масштабдагы электр энерге-

тикалык тармагынын иштешин жана өнүгүшүн андан ары өркүндөтүүнү камсыз

кылуу максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү

боюнча долбоордун Дирекциясы уюштурулсун.

2. Кыргыз Республикасында Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү

боюнча долбоордун Дирекциясы (мындан ары - долбоордун Дирекциясы) жө-

нүндө Жобо бекитилсин.

3. Долбоордун Дирекциясы өзалдынча юридикалык жак болуп санала

тургандыгы жана өзүнүн ишин өзалдынча финансылоо принциптеринде жүзөгө

ашыра тургандыгы аныкталсын.

4. Долбоордун Дирекциясынын схемасы жана башкаруу түзүмү, ошондой

эле кызматкерлердин штаттык саны анын директору тарабынан аныкталат.

5. Долбоордун Дирекциясынын директору болуп Кулов Феликс Шаршенба-

евич дайындалсын.

6. Долбоордун Дирекциясынын директоруна долбоордун Дирекциясын

ишин камсыз кылуунун уюштуруу маселелерин чечүү боюнча сунуштарды ушул

Жарлык күчүнө кирген учурдан тартып бир айлык мөөнөттө киргизүү милдети

тапшырылсын.

7. Министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик адми-

нистрациялар долбоордун Дирекциясына ага жүктөлгөн милдеттерди турмушка

ашырууда ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социал-

дык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2008-жылдын 2-майындагы

№ 155 жарлыгы менен

бекитилген

Кыргыз Республикасында чакан жана орто

энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун

дирекциясы жөнүндө

ЖОБО

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү

боюнча долбоордун дирекциясы (мындан ары - Дирекция) төмөнкү максаттар-

да түзүлгөн мекеме болуп саналат:

- энергетикалык комплекстин айрым секторлорун илимий камсыз кылуу;

- энергиянын адаттагы жана альтернативдик булактарын долбоор-

дук-изилдөө жана өнөржайлык өздөштүрүү;

- тармакка жањы техникалык каражаттарды жана технологияларды кир-

гизүү;

- жањы генерациялануучу кубаттуулуктарды түзүүгө инвестицияларды

тартуу;

- Кыргыз Республикасынын энергетикалык көзкарандысыздыгын камсыз

кылуу үчүн энергиянын адаттагы эмес жана альтернативдик булактарын

өнүктүрүү;

- чакан жана орто масштабдарда Кыргыз Республикасынын энергетика-

лык жагын өнүктүрүү жагында стратегиялык долбоорлорду жана программа-

ларды даярдоо.

2. Дирекциянын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституция-

сы жана мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдери жана

ушул Жобо түзөт.

3. Дирекция юридикалык жак болуп саналат, анын өзүнүн эмблемасы,

мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы бар мөөрү

бар. Дирекциянын банктарда улуттук жана чет өлкөлүк валюталарда эсеби

бар.

Дирекциянын жайгашкан орду - Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

II. Дирекциянын ишинин максаттары жана багыттары

1. Дирекциянын ишинин багыттары төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

- маалыматтык-аналитикалык иш;

- энергетикалык жагында концептуалдык, долбоордук жана эксперттик

ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды издөө жана кирги-

зүү;

- энергетикалык сектордо улуттук программаларды консультациялык

коштоо;

- Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы реконструк-

циялоо жана өнүктүрүү максатында илимий жана стратегиялык программалар-

ды иштеп чыгуу;

- өндүрүштүк иш:

- энергетикалык тармакка ата-мекендик жана четөлкөлүк инвестиция-

ларды тартууга көмөктөшүү;

- Кыргыз Республикасынын энергетикалык көзкарандысыздыгын камсыз

кылуу үчүн электр энергиясын алуунун адаттагыдай эмес жана альтернатив-

дүү (орду толтурулуучу) ыкмаларын киргизүү жана натыйжалуу пайдалануу

максатында техникалык экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу;

- Энергетикалык тармакка жањы, энергияны үнөмдөөчү технологияларды

киргизүү боюнча сунуштарды киргизүү жана жүзөгө ашыруу;

- коммуникациялык иш:

- чет өлкөлүк долбоорлор жана уюмдар менен эларалык корпоративдик

байланыштарды жүзөгө ашыруу;

- иликтенип жаткан проблемалар боюнча билим берүү-уюштуруу иштерин

жүргүзүү.

- Дирекция өзүнүн максаттарына ылайык Кыргыз Республикасынын мый-

замдарында тыюу салынбаган иштерди да жүзөгө ашырат.

III. Дирекциянын укуктары

Дирекция өзүнүн ишинин багыттарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:

- өзүнүн иши үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан

жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан суратууга жана алууга;

- өзүнүн сунуштарын Кыргыз Республикасынын Президентине, мамлекет-

тик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына кирги-

зүүгө;

- жумушчу топторду, чыгармачыл жамааттарды түзүү аркылуу долбоор-

дун пландарына, долбоорлоруна жана программаларына катышууга белгилен-

ген тартипте тараптык уюмдардын жана мекемелердин адистерин, кызматкер-

лерин тартууга;

- өзүнүн ишинин маселелери боюнча эларалык жана четөлкөлүк уюмдар

менен өзара аракеттенүүгө, алар менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү-

гө;

- мүлктү жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга.

IV. Дирекциянын ишин башкаруу

1. Дирекцияга жетекчиликти анын директору жүзөгө ашырат, аны Кыр-

гыз Республикасынын Президенти дайындайт жана кызматтан бошотот.

Дирекциянын директорунун эки орунбасары болот, алардын биринчиси

Кыргыз Республикасынын Президенти менен макулдашуу боюнча Дирекциянын

директору тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.

2. Дирекциянын директору башкаруу схемасын, түзүмүн, ошондой эле

кызматкерлердин штаттык санын аныктайт.

3. Директордун укуктары жана милдеттери:

- Дирекциянын ишин уюштурат жана ага жүктөлгөн милдеттердин атка-

рылышы үчүн жоопкерчилик тартат;

- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарда, эларалык жана баш-

ка уюмдарда Дирекциянын атынан иш алып барат, белгиленген тартипте Ди-

рекциянын мүлкүн жана финансы каражаттарын тескейт;

- эмгек акы төлөөнүн бекитилген шарттарынын негизинде Дирекциянын

кызматкерлерине эмгек акынын өлчөмүн аныктайт;

- Дирекциянын кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон тескемелер-

ди жана буйруктарды чыгарат.

4. Директор жокто анын милдеттерин директордун биринчи орунбасары

аткарат.

V. Дирекцияны финансылоо булактары

Дирекция өзалдынча финансылоо принциптеринде иштейт жана аны фи-

нансылоо булактары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын

талаптарына каршы келүүгө тийиш эмес.

VI. Дирекциянын ишин өзгөртүү же токтотуу

Дирекцияны жоюу, өзгөртүп түзүү жана ушул Жобого өзгөртүүлөрдү

киргизүү Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына ылайык

Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдери менен жүзөгө ашырылат.
