# КР Президентинин 2008-жылдын 16-сентябры ПЖ № 334 "Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 16-сентябры ПЖ № 334 "Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 334
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4790>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2345/edition/627609/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4790.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 16-сентябры ПЖ № 334 "Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы (16.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4790

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 16-сентябры ПЖ № 334

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө

Республиканын пенсионерлеринин турмуш дењгээлин колдоо максатында

токтом кылам:

1. 2008-жылдын 1-октябрынан тартып:

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык

бөлүгү жогорулатылсын жана ал 530 сом өлчөмүндө белгиленсин;

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына ылайык 2008-жылдын 1-октябрына чейин дайын-

далган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгү 17 пайызга жогорулатылсын.

2. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пен-

сионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына ылайык белгилен-

ген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан

пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептөөгө байланыштуу өзгөртүлбөйт.

3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул Жарлыкка ылайык

белгиленген тартипте:

- "2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иш-

теп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- пенсияларды өз учурунда кайра эсептөөнү жана аларды жањы

өлчөмдөрдө төлөөнү камсыз кылсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
