# КР Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 434 Кыргыз Республикасында менчик укуктарын коргоону жана ага кол тийбестикти күчөтүү жөнүндө " Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 434 Кыргыз Республикасында менчик укуктарын коргоону жана ага кол тийбестикти күчөтүү жөнүндө " Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 434
- Кабыл алынган күнү: 09.12.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4789>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-2344/edition/1162972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4789.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 434 Кыргыз Республикасында менчик укуктарын коргоону жана ага кол тийбестикти күчөтүү жөнүндө " Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4789

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 9-декабры ПЖ № 434

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасында менчик укуктарын коргоону жана ага кол тийбестикти күчөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-, 15- жана 42-беренеле- рине ылайык, ошондой эле менчиктин түрлөрүнүн кепилденген ар түрдүүлүгүн жана аларды бирдей укуктук коргоону камсыз кылуу, менчикке кол тийбестик принцибин сактоо жана менчик ээлеринин укуктарын коргоо- нун натыйжалуу механизмдерин түзүү максатында токтом кылам:

1. Менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактардын

менчик укуктарын камсыз кылуу жана укукка каршы аракеттерден жана кол салуулардан коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын би- ри болуп саналаары белгиленсин.

2. Мамлекеттик саясаттын ушул багытынын алкагында Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү:

- бир айлык мөөнөттө:

менчик ээсин укукка каршы алмаштырууга жана анын активдерге болгон укугуна кол салууларга каршы күрөшүүгө багытталган чаралардын комплек- син иштеп чыксын жана кабыл алсын; менчик укуктардын кепилденгендигине жана корголгондугуна карата ченемдик укуктук актыларды толук инвентаризациялоодон өткөрсүн;

- кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-

гизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун үч айлык мөөнөттө даярдасын, аларда төмөнкүлөр каралсын: корпорациялык талаш-тартыштарды жана кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү укукка каршы басып алууну кошо алганда, менчик ээсин укукка кар- шы алмаштыруу жана анын активдерге болгон укугуна кол салуу (рейдерчи- лик) түшүнүгү жөнүндө аныктама; акционердик коомдордун реестрлерин жүргүзүү жана аларды жүргүзүүгө жоопкерчиликти жогорулатуу жол-жобосун өркүндөтүү, реестрлерди жана алар жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик органдарга берүү; менчик ээсинин укуктарын коргоону толук камсыз кылууга (рейдерчи- ликке жол бербөөгө) багытталган кылмыш-жаза, жарандык жана процесстик мыйзамдардын ченемдерин өркүндөтүү; төмөнкүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү: менчиктин мыйзамдуу укуктарына кол салган адамдардын; укукка каршы администрациялык чечимдер кабыл алынгандыгы жана мен- чик ээлеринин мыйзамдуу укуктары кысымга алынгандыгы үчүн күнөөлүү кыз- мат адамдарынын; аракеттери же аракетсиздиктери менчик ээсинин мыйзамдуу укуктарын бузууга алып келген же ага багытталган укук коргоо органдарынын кызмат- керлеринин (рейдерчиликке көмөктөшүү); менчик укугу жагында маселелер боюнча мыйзамдуу эмес сот чечимин кабыл алган судьялардын; жана менчик ээсинин укуктарын коргоого багытталган башка жоболор.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республика-

сынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсузду- гунун мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Финансы полиция- сы кызматы менчик ээсин укукка каршы алмаштыруунун жана анын активдерге болгон укугуна кол салуунун (рейдерчилик) түрдүү формаларына каршы чеч- киндүү күрөшүү, менчик ээсинин укугун коргоо маселесинде аракетсиздикке жана укукка каршы аракетке жол берген укук коргоо органдарынын кызмат- керлерине карата таасир этүүнүн катуу чараларын көрүү аркылуу менчик укугун коргоону камсыз кылууну өз ишинде бирден-бир артыкчылыктуу багыт деп эсептесин.

4. Төмөнкүлөр сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна менчик укугун жөнгө салуу

жаатында сот практикасына талдоо жүргүзүү жана ушул практика маселеси боюнча республиканын соттору жана судьялары үчүн тийиштүү түшүндүрмөлөрдү иштеп чыгуу;

- Сот адилеттик иштери боюнча Улуттук кењешке жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Судьялар кењешине менчик укуктар маселелери боюнча мыйзамга каршы сот чечимин кабыл алган судьяларга карата белгиленген тартипте адекваттуу мамиле кылуу.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
